• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каржы министрлигинин эмгек жамааты Жеенбаевага ишенбөөчүлүк көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 08.10.20. /Кабар/. Каржы министрлигинин эмгек жамааты каржы министри Бактыгүл Жеенбаевага ишенбөөчүлүк көрсөттү.

Министрликтин эмгек жамааты билдиргендей, алар акыркы үч күн бою жетекчилиги жок иштеп, министрликтин имаратын рейдерлик басып алуудан коргошкон.

"Ага байланыштуу Каржы министрлигинин эмгек жамааты бүгүн, 8-октябрь күнү Бактыгүл Жеенбаеванын министрликкке келишине нааразы. Анын келиши менен чыңалган абал түзүлдү. Себеби эмгек жамаат ичинде Жеенбаеванын башкаруусуна нааразычылыктар жаралып келген. Анын бүгүнкү келиши министрликтин эмгек жамаатын чогулуп, ага ишенбөөчүлүк көрсөтүү үчүн министрликтин алдында митинг түрүндө нааразычылыкты билдирүүгө мажбур кылды", - деп айтылат маалыматта.

Каржы министрлигинин эмгек жамааты мекеме ишин токтотпостон иштеши үчүн министр дайындалганга чейин Элдик координациялык кеңешке жана өкмөттүн жетекчилигине белгиленген тартипте эмгек жамааттын ичинен бир талапкерди колдоп берүүсүн суранат.

Пикир

Оставить комментарий