• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каржы пирамидасын жарнамалагандарга иш козголот. Парламент мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 26.01.23. /Кабар/. Парламент каржы пирамидасын жарнамалагандарга кылмыш ишин козгогон мыйзам долбоорун колдоду.

ЖКнын расмий сайтында маалымдалгандай, бүгүн парламентте кылмыш-жаза процессуалдык кодексин өзгөртүү маселеси талкууланды. Жыйында Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин төрагасы Сүйүнбек Өмүрзаков баяндама жасады.

Алсак, сунушталган долбоор Кыргыз Республикасынын Конституциялык сотунун 2022-жылдын 15-июнундагы чечимин аткаруу максатында иштелип чыккан. Тагыраагы, жогоруда көрсөтүлгөн чечимдин мотивдик бөлүгүндө козголгон маселени чечүүгө багытталган.

Андан тышкары жыйында депутат Шаирбек Ташиев тарабынан демилгеленген “Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору биринчи окууда талкууланды.

Демилгечи депутат аталган долбоор “Финансы пирамидаларын уюштуруу” маселесин жөнгө салуу максатында иштелип чыкканын айтып: “Тагыраагы, тиешелүү мыйзамга өзгөртүү киргизип, каржы пирамидаларын түзгөндөрдүн ишин жарнамалаган инсандарды да жоопко тартуу сунушталууда. Тагыраагы, мыйзамсыз финансы пирамидасын жарнамалагандарды 20 миңден 25 миңдик эсептик көрсөткүчкө барабар айып пул жана 3 жылдан 5 жылга чейин эркинен ажыратуу жаза чарасы каралууда”,– деди.

Баяндамачы белгилегендей, өткөн жылы финансы пирамидалары боюнча 882 кылмыш иши козголгон.

Талкуу маалында депутат Дастан Бекешев сунушту колдоорун белгилеп, айрым финансы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракеттери тууралуу сөз кылды.

Ал эми депутат Эмил Жамгырчиев кылмыш жасалгандан кийин күрөшпөй, алдын-алуу чараларын да күчөтүүгө чакырды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий