• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкектеги дарыканалардын биринде "Клексан" дарысынын баасын кымбаттаткан факт ачыкталды

Коом 0


Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Бишкектеги дарыканалардын биринде "Клексан" дарысынын баасын кымбаттаткан факт ачыкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарандардан түшкөн арыздарга ылайык Каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын Москва көчөсүндө жайгашкан дарыканалардын биринде контролдук сатып алуу жүргүзүлүп, ал жерде "Клексан"дарысынын бир кутусу 8 миң сом турган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Каржы полициясы дарыларды негизсиз кымбаттаткан учурлар боюнча 1955 ишеним телефондоруна жана receivefinpol.gov.kg@gmail.com электрондук почтасына кайрылууга чакырат. Жарандардын кайрылуулары жана арыздары электрондук түрдө (арызда кайрылган адамдын аты-жөнү, байланыш телефондору, кассалык чектин сүрөтү болушу керек) кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий