• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каржы полициясы: Бюджетке 1,1 млрд сом зыян келтирген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Мамлекеттик бюджетке 1,1 млрд сом зыян келтирген кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалымат ылайык, Каржы полициясынын Сокулук жана Москва райондору (Чүй облусу) боюнча башкармалыктары тарабынан салыкты жашыруу менен байланышкан кылмышты аныктоого багытталган иштеринин натыйжасында мурда белгиленген схема боюнча Кытайга ири өлчөмдө (180 млн доллардан ашык) акча каражаттарды мыйзамсыз чыгарып жүргөн кылмыштуу топ аныкталган. Ал каражаттар сыртка сатып алынуучу товардын акчасы катары чыгарылып турган.

“Тергөө аныктагандай аталган кылмыштуу топтун ишинен мамлекеттин бюджетине 1,1 млрд сом салык түшпөй калган”, - деп айтылат маалыматта.

29-октябрь күнү аталган кылмышка шектелип акча каражаттарын Кытайга чыгарып турган А.У. аттуу жаран кармалып, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

30-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен аталган жаран №1 тергөө абагына камакка алынган.

Учурда аталган схемага катышы бар жогорку кызматтагы адамдарды жана аталган каражаттын кайдан алынгандыгын аныктоо иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий