• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Каржы полициясы дары-дармектерди кымбат баада саткан алып сатарларды кармады

Укук тартиби 0


Бишкек, 13.07.20. /Кабар/. Кызыл кулактык кылып дары-дармектерди кымбат баада саткан алып сатарлар кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан (Каржы полициясы) билдиришти.

Каржы полициясынан билдиришкендей, дары-дармектердин баасын кымбаттатуу фактысы боюнча катталган сотко чейинки иштен алкагында, бир нече алып сатардан дары-дармектер сатып алынып, алар тиешелүү документи жок кымбат баада сатылып жатканы аныкталган. Каржы полициясынын кызматкерлери тарабынан учурда эл арасында суроо-талап көп болуп жаткан “Клексан” жана “Гепарин” дарылары сатып алынган.

“Аталган жарандарга карата (алып сатарларга) сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүүдө, алардын иш-аракетине тиешелүү укуктук баа берилет. Дары-дармектерди кымбат баада сатып алып сатарлык кылган жарандарды учурдагы кырдаалдардан пайдаланып, адамдардын өмүрүнүн аркасы менен пайда табуудан алыс болууну эскертебиз. Кызыл кулактык кылган фактыларга бөгөт коюлат”, - деп билдирет Каржы полициясы.

Пикир

Оставить комментарий