• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Каржы полициясы «Гоин», «Таатан» соода борборлорунда жана бир университетте тинтүү иштерин жүргүзүүдө

Коом 0


Бишкек, 04.11.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматы (Каржы полициясы) «Гоин», «Таатан» соода борборлорунда жана Инновациялык технологиялар эл аралык университетинде тинтүү иштерин жүргүзүүдө.

Каржы полициясы тинтүү иштери тууралуу маалыматты кийинчерээк берерин билдирди.

Эскерте кетсек, депутат Кубанычбек Жумалиев Инновациялык технологиялар эл аралык университетинин негиздөөчүлөрүнүн бири.

Ошондой эле Жумалиев ММКларга берген маектеринин биринде, «Гоин» жана «Таатан» соода борборунда үлүшү бар экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий