• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каржы полициясы опера жана балет театрынын мурдагы директорун кармады

Укук тартиби 0

Бишкек, 19.11.20. /Кабар/. Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын О.Б. аттуу мурдагы башкы директору кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынын билдиришти.

“Аталган мамлекеттик мекеминин мурдагы директору кызмат абалы менен кыянаттыкта пайдаланып, пайдасыз келишим тузүп, мамлекетке 1 млн сомдон ашык зыян келтиргени аныкталды”, - деп билдирет Каржы полициясы.

Бүгүн, 19-ноябрь күнү Биринчи май райондук соту опера жана балеттин мурдагы директорунун баш коргоо чарасын карайт.

Пикир

Оставить комментарий