• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Каржы полициясы: Пара алып жаткан жеринен Токмок шаардык милициясынын тергөөчүсү кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.08.20. /Кабар/. Пара талап кылуу фактысы боюнча Токмок шаарынын милициясынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Каржы полициясынан билдиришкендей, 11-август күнү 30 миң сом пара алып жаткан жеринен Токмок шаарынын милициясынын К.И. аттуу тергөөчүсү кармалган.

Ал кылмыш ишин токтотуу үчүн акча талап кылганы аныкталган.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган.

Учурда сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий