• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Каржы полициясынын төрагасынын орун басары болуп Бакытбек Гайназаров дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.11.20. /Кабар/. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасынын орун басары болуп Гайназаров Бакытбек Батырович дайындалды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Каржы полициясынан билдиришти.

Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, өкмөт башчы Садыр Жапаров кол койгон.

Гайназаровду Каржы полициясынын эмгек жамаатына вице-премьер-министр Максат Мамытканов тааныштырган.

Буга чейин Каржы полициясынын төрагасынын орун басары кызматын Сагынбек Абдылдаев ээлеп келген.

Пикир

Оставить комментарий