• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Каржы тармагын санариптештирүү маселеси Кыргызстанда артыкчылыктуу багыт – Иманалиев

Экономика 0

Бишкек, 30.05.19. /Кабар/. Каржы тармагын санариптештирүү, туруктуу каржылоо жана жашыл экономика маселеси Кыргызстанда артыкчылыктуу болуп эсептелет. Бул тууралуу Бишкектеги эл аралык каржы форумунда президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү, каржы жана экономика бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Анын айтымында, эки негизги багыт белгиленип жатат: каржы тармагын санариптештирүү менен туруктуу каржылоо жана жашыл экономика маселеси.

"Бул тематикалар артыкчылыктуу деп тандалды. Белгилүү болгондой, 2040-жылга чейинки стратегиянын алкагында негизги багыттардын бири өлкөнүн инновациялык өнүгүшү. Ал баарынан мурда, санарип технологиясын жана кызматтарын, маалыматтык коомду өнүктүрүү жана арийне, мамлекеттик кызмат аппаратынын технологиялуу жана ачык-айкындуулугу", - деди ал.

Иманалиев белгилегендей, каржы кызматтары тармагында заманбап технологияларды киргизүү экинчи багыт болуп эсептелет.

"Маселен, ал мобилдик банкинг, электрондук төлөмдөр, абоненттерди идентификациялоо системасын өнүктүрүү жана бул кызматтарды биздин өлкөнүн алыскы аймактарында ишке киргизүү", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий