• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Касенов РКӨФ Башкармасынын мүчөсү кызмат ордунан бошотулду

Кадр саясаты 0

Бишкек, 29.12.18. /Кабар/. Аймен Касенов Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын мүчөсү кызмат ордунан бошотулду. Тиешелүү буйрукка Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Уставынын 8-беренесине (Кыргыз Республикасынын 2014-жылдын 30-декабрындагы № 174 Мыйзамы менен ратификацияланган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жөнүндө макулдашуунун № 1 тиркемеси), «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий