• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кашкадарыяда 30дан ашуун киши уй этине ууланды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 02.06.20. /Кабар/. Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Нишан районундагы Балхиялик айылынын отуздан ашуун жашоочусу ылаңдаган малдын этин жегенден кийин уулануунун белгилери менен ооруканага жеткирилди. Алардын баарына медициналык жардам көрсөтүлдү. Бул маалыматты Нишан райондук ички иштер бөлүмү тастыктады.

Малдын этине ууланган жашоочулардын биринин айтымында, айыл тургуну ылаңдаган уюн союп, айылдыктарга карызга сатып жиберген. “Ылаңдаган малдын килограммын 40 миң сумга (3 долларга) баалаган. Андан баарыбыз эт алып, үй-бүлө мүчөлөрүбүз менен бирге жегенбиз. Андан кийин ууланып, 5,6-миллион сумга (490-590 доллар) дарыланууга туура келди”, - деп билдирген ал.

Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү комитети дарыгерлерге кайрылган жарандардан “Сибирь жарасы” табылбаганын маалымдады.

Пикир

Оставить комментарий