• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кашкар Жунушалиев дарыланып жаткан Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын тапшырды

Коом 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев учурда Москвада дарыланып жаткан Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкуловго «Эрдик» медалын тапшырды. Бул тууралуу журналист Мирбек Молдакунов өзүнүн фейсбуктагы баракчасына жазып чыккан.

Эске салсак, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Курманкулов Самат Ажыгулович коомдук коопсуздукту сактоону камсыз кылууга кошкон салымы, ошондой эле кызматтык милдеттерин жоопкерчиликтүү аткаргандыгы үчүн «Эрдик» медалы менен сыйланган.

Белгилей кетсек, Курманкулов 7-август күнү Кой-Ташта болгон окуя маалында башынан жаракат алган. Саламаттык сактоо министрлигинин акыркы маалыматына ылайык, учурда Самат Курманкулов өз алдынча басып баштаган.

Пикир

Оставить комментарий