• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кашкар Жунушалиев ички иштер органындагы “каталарды жоюу боюнча” иштерди жүргүзүүгө убада берди

Укук тартиби 0

Бишкек, 24. 10.18. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев ишки иштер органдарындагы “каталарды жоюу боюнча” иштерди жүргүзүүгө убада берди. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан брифинг учурунда билдирди.

Ал билдиргендей 22-октябрда өткөн жыйынтыктоочу коллегияда коомдук тартипти сактоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү маселелери талкууланып, кызматкерлер алдында мүмкүн болушунда кыска мөөнөттүн ичинде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча зарыл болгон иш-чараларды жүргүзүү тапшырмасы коюлган.

“Бүгүнкү күнгө чейин мен кемчиликтерди жашырбай келгем. Мен министр, өкмөт мүчөсү катары дайыма көйгөйлөрдү айтып келгенмин жана биз өкмөт мүчөлөрү менен биргеликте кемчиликтерди жоюу боюнча бир нече уюштуруучулук-практикалык иш-чараларды иштеп чыктык. КР ишки иштер органдары республика боюнча учурдагы кылмыш кырдаалды талдоо жүргүздү”, - дейт Жунушалиев.

Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде, укук коргоо органдары тарабынан 2018-жылдын 9 айында 22 миң 948 кырсык жана кылмыш иши катталган, алардын ичинен ИИМде 20 миң 401 кылмыш катталган. Пайыздык ченеми 88,9% түзөт. Ыкчам иш-чаралардын негизинде 15 миң 294 кылмыш ишинин бети ачылган.

Аталган мезгилде тергөө кызматтары тарабынан 18 миң 503 кылмыш иши козголуп, алардын ичинен 12 миң 712нин бети ачылып сотко өткөн. Андан тышкары 9 айдын ичинде 613 кылмыш топто турган 1 миң 538 кылмышкер кармалып, кылмыш жазасына тартылган. Аталган топ менен 1 миң 588 кылмыш иши аткарылган.

“Алардын ичинен 25 топ туруктуу топтордун тизмегине кирет. 69 кылмышкерден турган кылмыш топтор тарабынан оор жана өзгөчө оор деп саналган бир нече кылмыш иштери жасалган. Андан тышкары, ар кандай кылмыш жасагандыгы үчүн ИИМдин атайын эсебинде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турган 181 субъект кармалган”, -деди министр.

Пикир

Оставить комментарий