• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кашкар Жунушалиев Россиянын элчиси Николай Удовиченко менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 18.10.19. /Кабар/. Бүгүн, 18-октябрда Кыргызстандын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко менен жолукту, - деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, жолугушууга РФнын Кыргызстандагы элчилигинин консулдук бөлүмүнүн жетекчиси Юрий Ефимов, РФ ИИМнин КРдагы расмий өкулү Владимир Лузганов катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки өлкөнүн ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектеги абалы талкууланган.

"Тараптар укук коргоо түзүмдөрүнүн эки тараптуу кызматташууларын жогору баалашып, аны мындан ары дагы өнүктүрүү керектигин билдиришти. Жолугушуунун аягында министр Жунушалиев эки өлкө ортосундагы көп жылдык достук мамиле Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын укук коргоо органдары ортосундагы профессионалдык байланышты бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө кызмат кылаарын баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий