• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кашкар Жунушалиев Ысык-Көл облусундагы милициянын ишин текшерди

Коом 0

Бишкек, 14.09.20. /Кабар/. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев 12-сентябрь күнү Ысык-Көл облусунда иш сапар менен болуп, шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн ыкчам – кызматтык ишмердүүлүгү, ошондой эле аткарып жаткан кызматтык милдеттери менен кеӊири танышып чыкты. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш сапарынын алкагында министр Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишмердүүлүгү менен танышып, парламенттик шайлоо алдында жана шайлоо күнү мыйзамдуулуктун жана коомдук коопсуздуктун сакталышы боюнча көрүлүп жаткан иш-аракеттеринен маалымат алды. Андан кийин, шаардык милициянын тергөө жана жоруктар боюнча иштер кызматтарынын сотко чейинки өндүрүшүндө тергелип жаткан айрым материалдары менен танышып чыкты.

"Текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди баса көрсөтүп, кыска мөөнөттүн ичинде сотко чейинки өндүрүштө орун алган кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди. Ошондой эле Ысык-Көл ОИИБдин жетекчисинен сотко чейинки өндүрүштөгү материалдар боюнча ар дайым тийиштүү көзөмөлдү жүргүзүүнү талап кылды", - деп айтылат маалыматта.

Андан соӊ Кашкар Жунушалиев Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында жергиликтүү милициянын жаӊы административдик имаратынын ачуу аземине катышты. Ишке берилген жаӊы имаратта райондук милициянын жетекчилиги, ыкчам-жетекчилик курам жана коомдук коопсуздук кызматынын, эксперттик-криминалдык бөлүмчөсүнүн өздүк курамы иш алып бармакчы. Андан тышкары, жыйындар жана милиция кызматкерлерине спорт менен машыгууга
ылайыкташкан залдары да орун алган.

Жаӊы имараттын ишке берилишине чейин, райондун милициясынын кызматкерлери 1975-жылы курулган эски имаратта кызмат жүргүзүп келишкен. Ачуу аземинде сөз сүйлөп жатып министр акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин ишине президент жана өкмөт тарабынан заманбап шарттарды түзүү үчүн кечиктирилгис чаралар көрүлүп келе жаткандыгын баса белгилеп, жаӊы имараттын ачылышы буга ачык күбө экендигин белгиледи.

"Мындай курулуштар президент Сооронбай Жээнбековдун "2020-жыл - Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо" жарлыгынын алкагында республикабыздын бардык региондорунда жүрүп жаткандыгын маалымдады", - деп кошумчалашты облустук милициянын басма сөз кызматынан.

Жунушалиев ошол эле күнү Ысык-Көл ОИИБдин борбордук аппаратынын бөлүмдөрүнүн, кызматтарынын, райондук, шаардык бөлүмдөрдүн башчылары менен жыйын өткөрдү. Анда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоо учурунда жана ага даярдык көрүү мезгилинде коомдук коопсуздукту,
мыйзамдуулукту сактоо боюнча көрүлүп жаткан даярдыктары боюнча кеӊири маалымат алды. Ошондой эле шайлоого карата өзгөртүүлөр менен толуктоолор киргизилген мыйзамдардын талаптарын сурап, бул багытта кошумча сабактарды жеке эле өздүк курамга эмес, жетекчилик курамга да өтүү боюнча тапшырма берди.

Кашкар Жунушалиев белгилегендей, укук коргоо органдарынын негизги приоритеттүү багыттарынын бири - мурдагыдай эле, коомчулуктун милицияга болгон ишеничин көтөрүү болуп саналат.

Андан соң, министр жумуш сапарын улантып, Түп, Ысык-Көл райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө болуп, өздүк курам менен жолукту.

Коомдук тартипти бекем чындоо, жарандардын кайрылууларына аяр мамиле кылуу, алардын ар бирине коомдук тартиптин бузулушу жана кылмыштар тууралуу арыздарына мыйзам чегинде чара көрүүнү жана жеке ички тартипти бекем сактоо боюнча кошумча тапшырмаларды койду.

Андан сырткары бул багытта тиешелүү бир топ тапшырмаларды берип, ички иштер органдарында жүргүзүлүп жаткан ишмердүүлүгүнүн негизинде коомдук коопсуздукту камсыздоо өзгөчө көзөмөлдө экендигине токтолду. Айрыкча кызматтык тартипти бекемдөө, профессионалдуулук деңгээлин жогорулатуу, жүрүм-турум маданиятын жана элдер менен сылык мамиледе кызмат өтөөнү эскертти. Жолугушууда алардын ишмердүүлүгүн жана ыкчам-кызматтык даярдыктарын текшерди.

Пикир

Оставить комментарий