• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кашыңызга карап мүнөзүңүздү билиңиз

Дүр дүйнө 0

Адамдын бет түзүлүшү анын мүнөзү тууралуу көп нерсени айта алат. Мында каштар да четте калбайт. Сиз терип, формасын тууралаганга чейинки кашыңыздын формасы кандай болгонун эстеп, мүнөзүңүздүн өзгөчөлүктөрүн билсеңиз болот.

Жарым ай түрүндөгү каш

Тегерек каштуу адамдар чыныгы альтруисттер болушат: алар ар дайым айланасындагылардын муктаждыктары тууралуу ойлор жүрүшөт. Эгерде сиздин кашыңыз ушундай болсо, анда сиз кыйла жумшак жана камкор адамсыз. Сиздин жардамга же кеңешиңизге ар дайым муктаж болгон досторуңуз да көп.

Түз каштар

Кашы түз адамдар чечим кабыл алууда жүрөгүнө эмес, акылына таянат. Абдан тыкан: бардык нерседе тартип жана логиканын болушун жакшы көрөт, мерчемделбеген кырдаалдардан качып, алдын ала пландаган кадамдары жасоого тырышат. Токтоо, өзүн кармай билет. Бул көпчүлүк башка адамдарга тоң катары сезим калтырат.

Учу ичке каштар

Эгерде сиздин кашыңыздын уч жактары ичкерип кетсе, сиз абдан ыкчам жансыз. Сезимтал, импульсивдүү келесиз. Чечимдерди чагылгандай ыкчам кабыл аласыз. Бирок, дайыма эле чечимдериңиз туура боло бербейт. Майышпас мүнөзүңүз баарын дыкат ойлонууга жолтоо болот.

Узун каштар

Узун каштуу болсоңуз – чыныгы энергиялуу, кубаттуу адамсыз. Сиздин досторуңуз жана тааныштарыңыз абдан көп. Алар сиз менен гана өздөрүнүн көйгөйлөрүн бөлүшүүнү көксөп турушат. Ошол эле учурда сиз да аларды угууга ар дайым даярсыз. Сиздин оң энергияңыз баарына жетиштүү!

Кыска каштар

Каштары кыска адамдар “Тынчтык, тынчтык гана!” деген чакырык менен жашашат. Сиздин кашыңыз ушундай формада болсо, анда сиз көбүртүп-жабыртып, чуу коюп жибергенди жактырбайсыз. Ызы-чуу, долулук, тартышуу сизге таандык эмес. Сиз дайыма ушактардан четте жүрөсүз, башкаларды сындап, талкууга алууну жактырбайсыз. Бирок, тилекке каршы, ушул сапатыңыз сизди кесиптештериңиз арасында касташууга жөндөмдүү көрсөтөт.

Тик бурчтуу каштар

Тик мындай каштардын ээлери мүнөзү боюнча идеалист болушат. Алар бардыгы идеалдуу болушу үчүн болгон күч-аракеттерин жумшашат. Бул алардын ишине, мамилелерине жана жада калса, майда тиричилик аракеттерине да тийиштүү. Алар өзүнө сын көз караш менен карай алышкандыктан, башка адамдарга да жогорку талаптарды коюшат. Жакшылыкка умтулуу зарыл, бирок бардыгынын чеги бар экенин унутпоо шарт.

Жайылган каштар

Жайылган каштардын ээлери өзүнө бекем ишенген, бирок аны мактаныч катары көрсөткөн адамдар болушат. Ошону менен бирге көбүнесе ойлогонун бетке айта алышат. Албетте, мындай адамдарга дайыма эле жага бербейт. Бирок, бул адамдарды баары бир айланасындагылар ачыктыгы жана жашоодогу жигердүү позициясы үчүн жакшы көрүшөт.

Ичке каштар

Ичке каштар көбүнесе өзүнүкүн бербеген адамдардын белгиси болуп саналат. Алар ушунчалык түз адамдар болушкандыктан, кээде тегерегиндегилерге агрессивдүү да көрүнүшөт. Эгерде алар бир нерсеге жетүүнү көздөшсө, анда ага кандай болсо да жетишишет. Карьерада анын “артка кайтпас” жөндөмдүүлүктөрү абдан жардам берет. Бирок, үй-бүлөдө бир аз жумшак болгону оң.

Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий