• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Касмамбетов президенттин кубогуна арналган шахмат боюнча балдар арасында турнирдин жабылышына катышты

Коом 0

Бишкек, 14.11.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 14-ноябрда, балдар арасында шахмат боюнча Президенттин Кубогу үчүн турнирдин жабылыш аземине катышты.

Президенттин администрациясынан кабарлашкандай, турнирге республиканын бардык аймактарынан 350 бала катышты.

Мелдеш 5 жаш категория менен швейцариялык система боюнча 7 турда өттү.

Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун саламын жеткирип, жаш шахматчыларга бийик жетишкендиктерди каалады.

Сүйүнбек Касмамбетов шахмат мамлекетти башкарган жогорку чөйрөнүн адамдары үчүн байыркы оюн экенин баса белгиледи.

Анын айтымында, бул оюн курчтукту, ой жүгүртүүнүн ылдамдыгын өстүрөт жана ата-энелерди келечекте эл аралык мелдештерде өлкө атын даңазалай турган шахмат секцияларына балдарын жиберүүгө чакырды.

Ошондой эле мамлекеттик катчы өлкөдө шахматты өнүктүрүү боюнча тиешелүү ведомстволордун жетекчилери тарабынан чараларды күчөтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Андан ары жаш категориясы боюнча жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи болду, андан соң турнир жабык деп жарыяланды.

Пикир

Оставить комментарий