• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Каспий саммити 12-августта Актау шаарында өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 18.07.18. /Кабар/. Каспий деңизинин жээгинде жайгашкан беш өлкөнүн саммити быйыл 12-августта Казакстандын Актау шаарында өтөт. Бул тууралуу журналисттерге өлкөнүн тышкы иштер министри Кайрат Абдрахманов билдирди.

Анын айтымында, беш өлкө тең саммитке катыша тургандыктарын ырасташты. Учурда Казакстандын, Азербайжандын, Ирандын, Орусиянын жана Түркмөнстандын Тышкы иштер министрликтери бешинчи Каспий саммитине даярдык көрүшүүдө.

Абдрахманов саммиттин күн тартибиндеги маселелерге кеңири токтолгон жок. ЖМКлардын кабарлашынча, бул саммитте Каспий деңизинин укуктук макамын аныктаган конвенцияга кол коюу пландалууда.

Былтыр декабрдын башында Казакстан ТИМи аталган беш өлкөнүн Тышкы иштер министрликтери Каспий деңизинин укуктук макамы тууралуу конвенция боюнча бардык негизги маселелерди макулдашканын билдирген.

Пикир

Оставить комментарий