• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Касым-Жомарт Токаев Казакстандын президенти катары ант берди

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек. 20.03.19 /Кабар/. Казакстанда президенттин ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруу милдети жүктөлгөн Сенаттын төрагасы Касым-Жомарт Токаев ант берди. Иш-чара бүгүн Астанада өттү.

Нурсултан Назарбаев күбө катары залда отурду. Ошондой эле ага президенттин күбөлүгү тапшырылды.

Эми Токаев 2020-жылга белгиленген шайлоого чейин Казакстандын президенти болуп калат.

Касым-Жомарт Токаев 2013-жылдан бери казак парламентинин Сенатынын спикери болуп келген.

Мурда Казакстандын өкмөт башчысы, тышкы иштер министри болгон.

Эске салсак, 19-мартта Казакстандын тунгуч президенти 79 жаштагы Нурсултан Назарбаев өз эрки менен отставкага кетти.

Назарбаев "Нур Отан" партиясынын лидери жана Коопсуздук кеңешинин төрагасы бойдон кала берерин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий