• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Касым-Жомарт Токаев режиссер Болот Шамшиевдин үй-бүлөсүнө көңүл айтты

Коом 0

Бишкек, 24.12.19 /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын көрүнүктүү кинорежиссеру Болот Шамшиевдин көз жумганына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жолдоду.

"Болот Төлөнович дүйнөлүк киноискусствого чыйыр жол салып кетти. Биздин элдердин ортосундагы достукту бекемдөөгө чоң салым кошту. Казак адабиятынын жана драматургиясынын классиктеринин чыгармаларынын негизинде тарткан тасмалары Казакстан жана Кыргызстан элдеринин жалпы маданий мурастарына айланды. Болот Шамшиевдин аты биздин эсибизде түбөлүк сакталып калмакчы", - деп айтылат Казакстан президентинин телеграммасында.

Пикир

Оставить комментарий