• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 22.11.22./Кабар/. Казакстандын кайрадан шайланган президенти Касым-Жомарт Токаевдин инаугурациясы 26-ноябрда өтөт. Бул тууралуу жыйында Казакстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурлан Абдиров билдирди.

"Борбордук шайлоо комиссиясы Касым-Жомарт Токаевди Казакстандын шайланган президенти катары каттады. Шайланган президенттин ант берүү күнү 26-ноябрга белгиленген”, - деди ал.

Эскерте кетсек, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 20-ноябрда өткөн. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Казакстандын азыркы президенти Касым-Жомарт Токаев 81,31% добуш менен (6 млн 456 миң 392 адам) жеңишке жетти.

Пикир

Оставить комментарий