• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Касым-Жомарт Токаевдин Кыргызстандагы мамлекеттик визити башталды

Саясат 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрда «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун мамлекеттик визит менен Кыргызстанга келген Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев менен расмий жолегушуу аземи болду.

«Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясында, чет элдик мамлекеттердин башчылары жана делегациялары менен салтанаттуу жолугушуулары өтүүчү «Ак-Кеме» салтанат жайында Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, Ардактуу кароол тизилген.

Ардактуу кароолду кыдырып чыгышты жана расмий делегациялардын мүчөлөрү тааныштырылды. Ошондой эле эки Мамлекеттер башчыларынын астында Ардактуу кароол Ротасынын салтанаттуу жүрүшү өттү.

Андан ары Кыргыз Республикасынын Президенти жана Казакстан Республикасынын Президенти кеңири курамдагы жолугушууга багыт алышты.

Андан соң Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын Жогорку мамлекеттер аралык Кеңешинин 5-жыйыны өтөт.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстан менен Казакстан ортосундагы кызматташтыкты мындан ары карай тереңдетүүгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлушу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий