• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Касымалиев КМШ Экономикалык кеңешинин катышуучуларына чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат берди

Өкмөт 0

Бишкек, 24.09.22./Кабар/. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапарынын алкагында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Экономикалык кеңешинин 95-жыйынына катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө КМШ форматындагы экономикалык кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде пайда болгон көйгөйлөргө биргелешкен чаралардын Тизмесин ишке ашыруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жыйынтыктары боюнча кеңири пикир алмашуу болду.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, күн тартибинде бир катар маанилүү маселелер бар, алар келечекте КМШ өкмөт башчыларынын Кеңешинин кароосуна коюлат.

«Кабыл алынган документтер биздин Шериктештикти бириктирүү үчүн стимул катары кызмат кылат деп ишенем», - деди ал.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө биздин өлкөлөрдө иштеген жарандардын жүрүүсүнө ыңгайлуу шарттарды түзүү, анын ичинде жөнөкөйлөштүрүлгөн каттоо жол-жобосун түзүү зарылчылыгы маселесине өзгөчө көңүл бурду.

«Мында мигранттардын коомго интеграциясы жана аларга карата толеранттуу мамилени калыптандыруу, мыйзамсыз миграцияга каршы туруу жана КМШ өлкөлөрүнүн жарандарында келген мамлекеттин мыйзамдарына, тилине жана маданиятына карата сый мамилени калыптандыруу маанилүү», - деди Адылбек Касымалиев.

Андан ары Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары жыйындын катышуучуларына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал тууралуу маалымат берди.

«Белгилүү болгондой, 1991-жылдын 21-декабрында Казакстан Республикасынын Алма-Ата шаарында 11 жаңы көз карандысыз мамлекеттин башчылары «Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигин түзүү жөнүндө» Алма-Ата декларациясын кабыл алышкан.

Бул Декларацияда көз карандысыз мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана азыркы чек аралардын кол тийбестигин тааныйт жана сыйлайт деп жазылган. Тилекке каршы, 2021 жана 2022-жылдары тажик тарап буга чейин жетишилген бардык макулдашууларды экинчи ирет бузуп, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча чек ара жана жарандык объектилерге кол салган.

Бул окуялардын кесепетинен былтыр Кыргызстандын – 36 жараны, быйыл 59 жараны курман болду. Чек арага жакын жайгашкан конуштардан 140 миңден ашуун жергиликтүү тургундар, анын ичинде аялдар, балдар жана карылар эвакуацияланган.

Өткөн жылы калыбына келтирилген турак-жайлар, административдик имараттар, мектептер, чек ара заставалары кайрадан талкаланган.

Келтирилген зыянды баалоо боюнча атайын комиссиянын 2022-жылдын 20-сентябрына карата маалыматы боюнча, 364 турак жай, 168 тиричилик объектилери, 10 мектеп, 7 бала бакча талкаланган», - деди Адылбек Касымалиев.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары азыркы учурда Кыргыз Республикасы каржылык ресурстарды Тажикстан Республикасынын Кыргыз Республикасына каршы куралдуу агрессиясынын учурунда талкаланган объектилерди калыбына келтирүүгө багыттап жатканын, бирок бул ресурстарды экономиканы өнүктүрүүгө, элдин жыргалчылыгын жакшыртуу үчүн жумушчу орундарды түзүүгө багыттоо мүмкүн болгондугун кошумчалады.

Сөзүнүн аягында Министрлер Кабинетинин башчысынын биринчи орун басары белгилегендей, 2022-жылдын 6 айында Кыргыз Республикасынын КМШга мүчө мамлекеттер менен тышкы соода жүгүртүүсү 1 790,2 млн АКШ долларын түзүп, 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,4 пайызга өскөн.

«Кыргызстандын алдында Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сыяктуу стратегиялык долбоорлорду ишке ашыруу милдети турат.

Мамлекеттик кызматтарды жана бүтүндөй экономиканы санариптештирүүнү өнүктүрүүгө, өндүрүш процесстерин оптималдаштырууга жана өлкө боюнча 5G технологиясын өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулууда.

2023-жылдын 1-январынан тарта алтын жана санариптик сомду ишке киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат. IT-технологиялар университетинин ачылышы жана IT-шаарчасын түзүү пландалууда.

Кыргызстанда 2022-2026-жылдары креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди, анын максаты комплекстүү мамлекеттик саясатты калыптандыруу аркылуу креативдүү индустриянын өлкө экономикасына кошкон салымын жогорулатуу болуп саналат», - деп жыйынтыктады Министрлер Кабинетинин башчысынын биринчи орун басары.

Пикир

Оставить комментарий