• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Касымалиев: КМШ жана ЕАЭБ жаштар форуму жыл сайын өтүүчү аянтча болот деп ишенем

ЕАЭБ 0

Бишкек, 26.08.22. /Кабар/. Кыргызстан тарабынан, биз бүгүн КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн эл аралык жаштар кызматташтыгынын негизине биринчи кирпичти коюп жатабыз деп ишенебиз – деп билдирди 1-эл аралык жаштар форумунун жыйынтыктоочу иш чарасына катышкан министерлер кабинетинин төрагасынын 1-орун басары Адылбек Касымалиев.

Минстрлер кабинетинин башчысынын биринчи орун басары форумдун катышуучуларына кайрылуусунда КМШ жана ЕАЭБ жаштар форуму биздин өлкөлөрдүн кесипкөй жаштарынын ачык диалогу үчүн үзгүлтүксүз, жыл сайын өтүүчү аянтча болуп калаарына ишенимин билдирди.

“Биз жаш мамлекеттик кызматчылардын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасашыбыз керек. Жаштар ишкердигин жана чыгармачыл индустрияларды, билим берүү байланыштарын стимулдаштырышыбыз зарыл. Мындан тышкары, көңүлүбүздү жаштардын евразиялык интеграция жөнүндө маалымдуулук деңгээлин жогорулатууга багыттоо максатка ылайыктуу болот”- деди Адылбек Касымалиев.

Евразия экономикалык бирлиги-бул тирүү организм, анын ажырагыс бөлүгү биздин өлкөлөрдүн жаштары болуп саналат. Коомчулукта алардын Интеграция процесстерине кеңири аралашуусу, Бирликти өнүктүрүүнүн мындан аркы багыттарын аныктоого эн активдүү катышуусу маанилүү. Бул 2025-жылга чейин Евразия экономикалык интеграциясын өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында мамлекет башчылары койгон биздин маанилүү милдетибиз – деп кошумчалады министрлер кабинетинин башчысынын орун басары.

Форумдун алкагында "Жаш мамлекеттик кызматкерлер", "Жаш ишкерлер", "Креативдүү жаштар" жана "Билим берүү жана коомдук долбоорлор" багыттары боюнча иштелип чыккан сунуштарды, демилгелерди угуу, жаштарды кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Белгилей кетсек, форум 2022-жылдын 25-августунан 26-августуна чейин Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Рух-Ордо» маданий борборунда өттү. Иш-чара Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына карата уюштурулуп, ага КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн 200дөн ашык адам (Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Россия, Беларусия жана Армения) катышты.

ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн жаш активисттеринин, мамлекеттик кызматчыларынын жана жаш дипломаттарынын башын бириктирген форум Биримдиктин жана КМШ өлкөлөрүнүн жаштарынын өз ара аракеттенүү процесстерин кеңейтүүгө, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өсүп келе жаткан иштелип чыккан сунуштарды, демилгелерди угуу, жаштарды кызыктырган маселелер боюнча пикир алмашуу. багытталган.

Кийинки жылы ЕАЭБде төрагалык Россия Федерациясына өтөт. Мындай жолугушуу 2023-жылы да болот деп үмүт артышты.

Пикир

Оставить комментарий