• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Касымалиев КМШга мүчө-мамлекеттердин Эл аралык экономикалык форумунун жыйынына катышты

Өкмөт 0

Бишкек, 18.03.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин “Интеграциялар диалогу: КМШ, ЕАЭБ, ШКУ, БРИКС” Эл аралык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышты.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Адылбек Касымалиев форумга Россиянын Москва шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Кыргызстан интеграциялык бирикмелерге катышууга өзгөчө маани берээрин белгиледи.

“Кыргызстан активдүү мүчөсү болгон интеграциялык бирикмелердин алкагында кыска мөөнөттүн ичинде эки тарапка тең пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү үчүн бекем пайдубал түзүлдү”, - деп айткан Адылбек Касымалиев, интеграциялык процесстерди жана көп кырдуу мамилелер тереңдетүүдө интеграциялык бирикмелер Кыргызстандын 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин органдарында учурдагы төрагалыгынын артыкчылыктуу багыты болуп саналаарын кошумчалады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары ошондой эле интеграциялык процесстердин алкагында биргелешкен иштин маанилүү стратегиялык багыттарынын бири төмөндөгү маселелерди чечүү болушу керектигин белгиледи:

- эл аралык инвестицияларды тартуу;

- соода жол-жоболорун либералдаштыруу;

- чектөөлөрдү жана бошотууларды кыскартуу;

- биздин өлкөлөрдүн ортосундагы техникалык жана ар кандай тоскоолдуктарды жоюу.

Адылбек Касымалиев ошондой эле Кыргызстан КМШ, ЕАЭБ жана ШКУ алкагында IT-технологиялар, санариптештирүү, электрондук коммерция, креативдүү жана жашыл экономика сыяктуу салыштырмалуу жаңы чөйрөлөрдө кызматташууну активдештирүүнү жактай турганын кошумчалады.

“Мындай контекстте толук кандуу транспорттук байланышты камсыз кылган ассоциацияга мүчө-мамлекеттердин транзиттик потенциалын жогорулатуу өзгөчө актуалдуу болуп саналат. Биз үчүн абдан маанилүү милдет – бул Борбордук Азия чөлкөмүнүн транзиттик потенциалын толук ачууга карай олуттуу кадам болуп эсептелген “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол курулушунун долбоорун тез арада практикалык ишке ашыруу. Темир жол линиясын куруу Борбордук Азиянын бүтүндөй регионунун транспорттук жана транзиттик потенциалын жогорулатат, ошондой эле КМШ өлкөлөрүнүн Кытай Эл Республикасы менен соода-экономикалык интеграциясын тереңдетүүгө өбөлгө түзөт, анын негизги катышуучуларынын бири Шанхай Кызматташтык Уюму”, - деп сөзүн жыйынтыктады министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Белгилей кетсек, форумга КМШга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын орун басарлары, КМШ, ШКУ, ЕАЭБ, БРИКС жана башка эл аралык уюмдардын интеграциялык бирикмелеринин жетекчилери катышты.

Пикир

Оставить комментарий