• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Касымалиев КМШнын жана ЕАЭБдин жаш ишкерлеринин форумун уюштурууну сунуштады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.06.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Сочи шаарына (Россия Федерациясы) болгон жумуш сапарынын алкагында ЕАЭБ жана КМШга мүчө-өлкөлөрдүн жаштарынын өкүлдөрүнүн эртең мененки ишкер тамактануусуна катышты.

Өз сөзүндө Касымалиев Кыргыз Республикасы 2022-жылы ЕАЭБ органдарында төрагалык кылуунун алкагында “Евразиялык интеграцияны өнүктүрүү боюнча жаштардын демилгелерин талкуулоо жана андан ары ишке ашыруу үчүн жаңы диалог аянтчасы катары КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн Биринчи жаштар форумун баштады”, - деп белгиледи.

“Жаштар форуму КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш адистеринин ачык диалогунун жыл сайын өтүүчү аянтчасы жана жакшы салт болуп калат деп ишенем”, - деди ал.

Адылбек Касымалиев ошондой эле “Быйылкы Жаштар форумунун жыйынтыгы евразиялык мейкиндикте интеграциялык процесстерди тереңдетүү боюнча боордош өлкөлөрдүн чыгармачыл жаштарынын жаңы демилгелери болот” деген ишенимин билдирди.

“Биздин өлкөлөрдүн жаштарына эң мобилдүү жана активдүү коомдук күч катары бүгүнкү күндө чоң миссия жүктөлгөн. Сиз Евразия мейкиндигинде интеграциялык процесстердин провайдери болушуңуз керек. КМШнын Аткаруу комитети менен Евразия экономикалык комиссиясына келерки жылы КМШнын жана ЕАЭБдин жаш ишкерлеринин жана стартаптарынын форумун уюштуруу маселесин карап көрүүнү сунуштайм”, - деп жыйынтыктады МинКаб Төрагасынын биринчи орун басары

Белгилей кетсек, эртең мененки ишкер тамактануу үстүбүздөгү жылдын 7-июнунан 9-июнуна чейин Сочи шаарында (Россия Федерациясы) өтүп жаткан КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн II жаштар форумунун алкагында өттү.

Биринчи форум Чолпон-Ата шаарында президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен ЕАЭБ органдарында Кыргызстандын төрагалыгынын алкагында өткөрүлгөн.

Жаштар форуму КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаш ишкерлерин жана кесипкөй жаштарын евразиялык интеграция процесстерине кеңири тартуу жана аны илгерилетүү, жаш муундун өзүн-өзү калыптануусу үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий