• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору менен жолугушту

Өкмөт 0

Бишкек, 26.11.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Эр-Рияд шаарына (Сауд Аравия) жумушчу сапарынын алкагында Сауд Аравиянын Сауд өнүктүрүү фондунун башкы аткаруучу директору Султан Абдурахман Аль-Маршад менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Сауд өнүктүрүү фонду менен биргеликте Кыргызстандын аймагында ишке ашырылып жаткан учурдагы долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, мындан аркы кызматташууну арттыруу мүмкүнчүлүктөрүн белгилешти.

Адылбек Касымалиев саудия тарапка калктын бакубаттуулугун жогорулатууга багытталган медициналык мекемелерди, билим берүү мекемелерин курууда, жол инфраструктурасын өнүктүрүүдө жана башка колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында жаңы долбоорлорду ишке ашырууда, анын ичинде айыл чарба жана турак жай курулушу тармагында кызматташуу пландары да каралды.

Пикир

Оставить комментарий