• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Касымалиев жана Мүсүралиев Бизнес-акыйкатчы институтунун ишмердүүлүгүн талкуулады

Өкмөт 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргызстандын бизнес-акыйкатчысынын милдетин аткаруучу Нурлан Мүсүралиев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бизнес-акыйкатчы институтунун 2022-жылдагы ишинин алдын ала жыйынтыктарын жана 2023-жылга пландарын талкуулашты.

Нурлан Мүсүралиев Адылбек Касымалиевге 2022-жылы Акыйкатчы институтуна түшкөн арыздар боюнча маалымат берип, өткөн жылга салыштырмалуу арыздардын саны азайганын белгиледи.

"64 арыз түшүп, анын 48и аткарылып, 7 чара көрүү актысы түзүлдү. Негизинен Бишкек шаарынан жана Чүй облусунан кызмат көрсөтүү жана транспорт тармагына тиешелүү даттануулар түшкөн", - деди бизнес-акыйкатчынын милдетин аткаруучу.

Өз кезегинде, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары мамлекет менен бизнестин кызыкчылыктарын тең салмактаган орган катары Бизнес-акыйкатчы институтунун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи.

"Бизнес-акыйкатчы институту бизнес менен мамлекеттик органдардын ортосунда пайда болгон маселелерди чечүүдө көпүрө болуп саналат. Белгилей кетчү нерсе, өлкө жетекчилиги бизнести колдоо үчүн бардык аракеттерди көрүп жатат. Министрлер кабинети институттун ишмердүүлүгүнүн бардык багыттары боюнча ар тараптуу колдоого жана жардам берүүгө даяр экендигин дагы бир жолу ырастап кетем", - деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.

Пикир

Оставить комментарий