• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Касымалиев жана Оверчук эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулашты

Саясат 0

Бишкек, 24.09.22. /Кабар/. Москва шаарына (Россия Федерациясы) жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешинин жыйынынын алкагында Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Бажы башкаруу тармагындагы мындан аркы кызматташууга өзгөчө көңүл бурулду, анын ичинде тараптар Россия Федерациясынын каражаттарынын эсебинен көзөмөл-өткөрүү пункттарын техникалык жактан жабдуу жана Кыргыз Республикасынын аймагында пландалган 9 мектепти куруу маселесин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий