• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Касымалиева: «Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү зарыл»

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 16.12.19. /Кабар/. «Бүгүнкү күндө республиканын мыйзамдарынын аткарылышына мониторинг жүргүзүү менен гана чектелип калууга болбойт. Анын жыйынтыктары боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө механизмдерин өркүндөтүү зарыл», - деп баса белгиледи бүгүн, 16-декабрда Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева «Парламенттик көзөмөл: Баалоо коомдук кызыкчылыктарды эсепке алуунун куралы катары» темасында парламенттик угуунун жүрүшүндө.

Вице-спикер республиканын мыйзамдарынын аткарылышы чөйрөсүндө жүргүзүлгөн сурамжылоонун жыйынтыктарында бул багытта иштерди күчтөндүрүү зарылдыгы ачык болгондугун баса белгиледи. «Бүгүн, парламенттик угуунун алкагында биз эксперттер жана жарандык коомчулук менен биргеликте бул маселелерди талкуулоого чогулуп отурабыз», - дейт ал.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин демилгеси менен «Парламенттик көзөмөл: Баалоо коомдук кызыкчылыктарды эсепке алуунун куралы катары» темасында парламенттик угуу өттү. Иш-чарага депутаттар, тийиштүү мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эл аралык уюмдардын жана жарадык коом өкүлдөрү, эксперттер менен адистер катышты.

Пикир

Оставить комментарий