• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Касымалиева: Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана сактоо чараларын кошумча каржылоо боюнча атайын фонд түзүү зарыл

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 27.03.18 /Кабар/. Кыргызстандын аймагында 66 тарыхый эстелик, 335 архелогиялык эстелик, 122 архитектуралык эстелик, 53 көркөм маданият эстелиги, 7 маданий жана жаратылыш эстелиги бар. Тилекке каршы, каражаттын тартыштыгынан жана адистердин жетишсиздигинен улам, аларды жыл сайын инвентаризациялоо жана изилдөө иштери кыйынчылыкка учурап келет. Бул тууралуу тарыхый-маданий мурастарды коргоо жаатындагы мыйзамдардын аткарылышы жаатындагы маселелерди иликтөө боюнча жумушчу топтун башчысы, депутат Аида Касымалиева ал маселеге арналган парламенттик угуу жүрүшүндө билдирди.

Депутаттын айтымында, бюджеттик каражаттын тартыштыгын эске алуу менен, тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана сактоо иш-чараларын кошумча каржылоо максатында, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдында республикалык резервдик фонд түзүү зарыл. «Бирок, Бюджет кодексине ылайык, мамлекеттик органдардын алдында фонд түзүүгө болбойт. Ошого байланыштуу тиешелүү мыйзамдарга тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана сактоо боюнча атайын фонд түзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл», - деди Аида Касымалиева.

Андан тышкары, ушу тапта тарыхый-маданий мурастар менен музей экспонаттарынын бирдиктүү маалымат базасы жок экени белгилүү болду. Ошондон улам, архелогиялык объектилерди мыйзамсыз казган шылуундар аларды каалагандай казып, табылгаларды ээн-эркин сатууда. «Тилекке каршы, укук коргоо органдар тарабынан улуттук баалуулуктарыбызды тоногондорго жактарга карата алгылыктуу чаралар көрүлбөй келет. Ал эми бажы жана чек ара органдарынын аларды инденфикациялоо боюнча баалуу көркөм буюмдардын түрлөрү жаатындагы түшүнүгү чакталуу. Ушул сындуу көптөгөн көйгөйлөр тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана сактоо маселелерин дагы тереӊден иликтөөнү талап кылат», - деп кошумчалады депутат.

Белгилей кетсек, Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитеттин демилгеси менен укук коргоо органдары жана маданият мекемелери тарабынан “КР музейлери жана Музей фонду жөнүндө” жана “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” аткарылышына арналган парламенттик угуу өтүүдө. Иш-чарага депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, эксперттер менен окумуштуулар катышып жатат.

Пикир

Оставить комментарий