• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Маркум кат жазып калтырган. Базар-Коргондо 29 жаштагы келин асынып алган

Кырсык 0

Бишкек, 02.09.22. /Кабар/. Базар-Коргондо үйүнүн короосунда азынып каза болгон келиндин окуясы иликтенип жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 23-июлунда саат 07:55 чамасында Базар-Коргон райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүнүн "102" номерине ушул эле райондун Правда айылынын тургуну 1959-жылы туулган Калык Жапаров байланышып, Кара-Ой айылынын Катранкы жергесинде келини 1993-жылы туулган Замирбек кызы Айнуска өзү жашаган үйүндө асынып каза болгонун билдирет.

Аталган билдирүү райондук милициянын маалымат-электрондук журналына катталган.

Бул билдирүү боюнча окуя болгон жерге тергөө тобу райондук милициянын жана прокуратуранын жетекчилиги менен барышып, окуя болгон жерге кароо жүргүзүүдө Замирбек кызы Айнуска үйүнүн ичиндеги толук бүтө элек бөлмөсүндө өзун-өзү асып алганын аныкташкан.

"Замирбек кызы Айнусканын жанынан кат табылган. Катта маркум “Ким дагир болуп жаман жүрсө башканы да ошондой ойлойт. Чыныгы дагир келин алып өлгүчө ар кимдин астынан таап келип жашатып кал.” деп жазган, - деп айтылат маалыматта.

Аталган окуя боюнча аныкталган жаңы жагдайлардын негизинде 22-августта "Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында тиешелүү болгон бардык экспертизанын түрлөрү дайындалып, текшерүү иштери жүрүп жатат.

Милициядан билдиргендей, тергөө амалдарынын жүрүшүндө жабырлануучунун укугун коргогон жактоочунун катышуусунда иштин жүрүшүндөгү бардык тергөө амалдары тааныштырылды. Дайындалган экспертизалардын жыйынтыгы чыккандан кийин аталган окуя боюнча толук тергөө амалдары жүргүзүлүп, мыйзамдуу чечимдер кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий