• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Катаал карантиндик чектөөлөр коюлган өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар добуш бере алат – ТИМ

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 06.01.21. /Кабар/. Катаал карантиндик чектөөлөр коюлган өлкөлөрдөгү кыргызстандыктар добуш бере алат. Бул тууралуу Президенттик шайлоону жана референдумду уюштуруу жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жыйынында тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров билдирди.

Мадмаров катаал карантиндик чектөө киргизилген Улуу Британия өлкөсүндө кыргызстандыктар президенттик шайлоо жана референдумда добуш бере аларын белгилейт.

"Биз Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргызстандыктар КР элчилиги жана консулдугуна барып добуш берүүсүнө уруксат ала алдык", - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда президенттик шайлоо жана референдум 10-январда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий