• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Катачылык кетирдим, тажрыйба аздык кылды - Жоламан Шаршенбеков күрөш боюнча ДЧ тууралуу

Спорт 0

Бишкек, 31.10.18. /Кабар/. Күрөш боюнча дүйнө чемпионатында күмүш байге уткан кыргызстандык спортчу Жоламан Шаршенбековду кечээ "Манас" эл аралык аэропортунан салтанаттуу түрдө тосуп алышты.

19 жаштагы спортчу менен жакындан кол алышып, эстеликке сүрөткө түшүүнү каалагандардын саны көп болду. Спортчу узак жол жүрүп чарчагандыгына карабастан күйөрмандары менен сүрөткө түшүп, баардыгынын көңүлүн алды.

Шаршенбековду күткөн күйөрмандары, туугандары жана достору баардыгы болуп аэропорттон Бишкекти көздөй жыйынтыктоочу маалымат жыйынын өткөрүү үчүн бет алышты.

Спортчу өткөн чемпионат тууралуу айтып жатып аны көп жылдан бери машыктырган машыктыруучусуна жана ата-энеси ыраазычылыгын билдирди.

“Мен абдан кубанычтамын. Менин алтын медаль утканга алым жетмек, бирок тажрыйбанын аздыгынан жана жаштыгыман ката кетирип койдум. Мени колдогон бардык күйөрмандарыма ыраазычылык билдирем. Менин жеке машыктыруучум Хашим Махмудовичке, кураманын машыктыруучусу Азат Эркинбаевге жана улук машыктыруучу Улук Карачолоковго бизди ушул мелдешке жакшы дайындагандыгы үчүн чоң рахмат”, - деп белгиледи ал.

Жаш спортчунун устаты Хашим Махмудов өзүнүн шакиртин мактап жана аны менен сыймыктана тургандыгын белгиледи.

Эскерте кетсек, спорт күрөшү боюнча дүйнөлүк чемпионат 20-28 октябрь күндөрү Венгриянын Будапешт шаарында өттү.

Жоламан Шаршенбеков үч күрөштө күрөшүп, үчөөнөн тең мөөнөтүнөн мурда жеңүүчү болуп чыккан. Финалдан ал Азербайжандын спортчусу Элданиз Азизлиге жеңилип калып, күмүш медаль уткан

Пикир

Оставить комментарий