• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Катар — 2022. Бразилиянын курамасы Сербияны жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 25.11.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тайпалык оюндарында Бразилия менен Сербиянын курама командалары беттеш өткөрдү.

G тайпасында жайгашкан эки команданын оюнунда Бразилия 2:0 эсебинде атаандашын утуп алды. Оюнда эки голду тең Ришарлисон киргизип, өз командасына үч упай алып келди.

Белгилей кетсек, G тайпасындагы кийинки оюн 28-ноябрда саат 22:00дө Бразилия – Швейцария жана 28-ноябрда саат 16:00дө Сербия – Камерун ортосунда өтөт.

Пикир

Оставить комментарий