• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Катар — 2022: Франциянын курамасы Англияны утуп, жарым финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 11.12.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалында Франция менен Англиянын курама командалары оюн өткөрдү.

Оюндун 17-мүнөтүндө Франциянын оюнчусу О. Чуамени гол киргизсе, 54-мүнөттө англиялык Г. Кейн эсепти теңеди. Ал эми 78-мүнөттө франциялык О. Жиру өз командасына жеңиш алып келген гол киргизди.

Беттеш 2:1 эсебинде аяктап, Франциянын курамасы жарым финалга жолдомо алды.

Эскерте кетсек, буга чейин дүйнө чемпионатынын жарым финалына Хорватия, Аргентина жана Марокконун курамалары өткөн.

Пикир

Оставить комментарий