• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Катар Бириккен Араб Эмирлигин утуп, финалга чыкты

Спорт 0

Бишкек, 30.01.19. /Кабар/. Футбол боюнча Азия биринчилигинде Катардын курамасы Бириккен Араб Эмирлигинин командасын 4:0 эсебинде жеңип, финалга чыкты.

Оюн кечээ, 29-январда Мохаммед бин Зайед Стэдиум стадионунда болуп өттү. Бул беттеште Буалем Хухи, Алмоез Али, Хассан аль-Хаидос, Хамид Исмаил бир голдон киргизишти.

Белгилей кетсек, Азия Кубогунун алкагында Катар курамасынын дарбазасына бир да гол кире элек.

Эми финалдык оюн 1-февраль күнү болот. Ал күнү Азия чемпиону аталыш үчүн Катар менен Япония ойнойт.

Эскерте кетсек, Япония жарым финалдык оюнда Иранды жеңип алган.

Пикир

Оставить комментарий