• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Катар Бишкек травматология жана ортопедия борборуна кошумча 9 кабаттуу имарат курат

Ден соолук 0

Бишкек, 16.03.21. /Кабар/. Катар мамлекети Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна кошумча 9 кабаттуу имарат куруп берет. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Сабырбек Жумабеков билдирди.

Жумабеков кечээ, 15-мартта Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайити менен жолугушуу өткөргөндүгүн айтат.

Жолугушуу учурунда элчи Катар мамлекетинин өкмөтү Бишкек травматология жана ортопедия борборуна кошумча заманбап технологиялар менен жабдылган жаңы тогуз кабаттуу имараттын курулушуна 9 млн 240 миң доллар өлчөмүндө каражат бөлүнгөнүн билдирди. Бөлүнгөн каражат 100% грант түрүндө берилет.

Элчи курулуш жүрө турган жер менен таанышып, Катар тарап каржылоого толугу менен даяр экенин белгиледи.

"Биздин өтүнүч менен тендерди элчилик өзү өткөрүп, курулуш иштери бүткөнгө чейин өздөрү толук көзөмөлгө алары макулдашылды. Документ, кагаз иштери мэрия тарабынан чечилмей болду. Канчалык эртерээк бүтсө, ошончолук курулуш эрте башталат", - дейт Жумабеков.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек мэринин милдетин аткаруучу Бактыбек Кудайбергенов Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайити менен жолугуп, мэрия оорукананын курулушуна бардык уруксат документтерин даярдоого көмөктөшүүгө даяр экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий