• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Катар бизнесмендерине Кыргызстандын суу энергетикасына инвестиция салууну сунушташты

Саясат 0

Бишкек, 03.05.18. /Кабар/. Кыргызстандын Катардагы элчиси Нурлан Ниязалиев Доха шаарында «Небрас Пауэр» катар энергетикалык компаниясынын директорлор Кеңешинин төрагасы Фахад Хамад Аль-Моханнади жана «Небрас Пауэрдин» башкы аткаруучу директору Халид Джоло менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Алардын маалыматы боюнча жолугушуу учурунда кыргыз-катар кызматташуусун эки мамлекет үчүн артыкчылыктуу багыттарда кеңейтүү маселелери каралды.

Анын ичинде, Нурлан Ниязалиев республиканын суу энергетикалык потенциалы жана бул тармактагы келечектүү долбоорлорду белгиледи. Ошондой эле «Небрас Пауэр» катар компаниясына биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруудагы тыгыз аракеттешүүнү сунуштады.

Пикир

Оставить комментарий