• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Катар Charity” фондунун демөөрчүлүгү менен Чүйдө бир нече объект ачылды

Өкмөт 0

Бишкек, 05.11.22. /Кабар/. Чүй облусунун аймактарында “Катар Charity” кайрымдуулук фондунун демөөрчүлүгү менен курулган бир нече социалдык объекттер ачылды.

Аталган объекттердин ачылыш аземдерине КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев жана Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти катышты.

Төмөнкү соцобъекттер ачылды:

  1. Сокулук районунун Саз айыл аймагында Мамбеталы Жаңыбаев атындагы орто мектептин Конуш айылындагы Акитай Исаков атындагы 150 орундуу филиалы, долбоордун жалпы суммасы 19 млн сомду түздү.
  2. Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын Чоң-Жар айылындагы Нурлан Рахманов атындагы орто мектептин 100 орундуу кошумча корпусу, долбоордун суммасы 7 млн 580миң сомду түздү;
  3. Сокулук районунун Күн-Туу айыл аймагынын Шалта айылындагы аянты 75 чарчы метрди түзгөн фельдшердик-акушердик пункттун имараты, долбоордун жалпы суммасы 2 млн 90 миң сом;
  4. Ысык-Ата районунун Сын-Таш айыл аймагына караштуу Өтөгөн айылындагы фельдшердик-акушердик пункттун имараты, долбоордун суммасы 1 млн 996 миң сомду түздү;
  5. Кемин районунун Көк-Ойрок айыл аймагына караштуу Кайыңды айылында мечит жана Тегирменти айылында куран окуучу жайы, талган жайлардын курулушуна Катар фондунан жалпы 8 млн 800миң сом сарпталды.

Ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаев элчи менен биргеликте Ысык-Ата районунун Логвиненко айыл аймагында курулуп жаткан, жалпы суммасы 24 млн 888 миң сомду түзгөн 250 орундуу мектептин курулуш иштери менен таанышты.

Мындан тышкары, “Катар Charity” кайрымдуулук фонду тарабынан Чүй облусунун айрым жардамга муктаж үй-бүлөлөрүнө азык-түлүк түрүндөгү гуманитардык жардам көрсөтүлдү.

Пикир

Оставить комментарий