• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

“Катар Черити” Социалдык өнүктүрүү министрлигине майып адамдар үчүн акысыз 142 коляска берди

Коом 0

Бишкек, 31.10.18 /Кабар/. “Картар Черити” кайрымдуулук уюму акысыз Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн 142 коляска берди.

Министрликтин башчысы Улукбек Кочкоров көрсөтүлгөн жардам үчүн ыраазычылык айтып, алдыда тыгыз кызматташуу болоруна үмүт артарын билдирди.

“Бүгүн “Картар Черити” кайрымдуулук уюму майып адамдар үчүн коляска берип дагы бир жардамын көрсөттү. Бул коляскалар Ош жана Жалал-Абад облусунда жашаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга таратылат. Белгилей кетсем, 2018-жылдын июнь айында министрлик 100 коляска алып, алар Бишкек, Чүй жана Ысык-Көл облустарында жашаган муктаж адамдарга берилген”, - деди Кочкоров.

Катардын КРдагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти уюм алдыда да колдоо көрсөтө берерин жана жакынкы убакта оорукана, ФАП, мектеп жана жардамга муктаж үй-бүлөлөр үчүн үй салына тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий