• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Катар элчилиги Кызыл Жарым Ай коому менен бирге муктаж үй-бүлөлөрдүн балдарына жардам берет

Коом 0

БИШКЕК, 09.08.17 /Ислам Розиев – Кабар/. Кызыл Жарым Ай коому Кыргызстандагы Катардын элчилиги менен биргеликте Бишкек менен Чүйдүн муктаж болгон мектеп окуучуларына жардам көрсөтөт.

Кызыл Жарым Ай коомунун басма сөз кызматы билдиргендей, окуу жылынын башталышына карата Катар элчилиги начар жашаган үй-бүлөлөрдүн мектеп окуучуларына бардык окуу куралдарын жана мектеп формаларын алып берүүгө даяр.

Мындай макулдашууга Кыргызстандагы Катардын элчиси Мохамед Бин Арар Умейр Аррамзани Аль-Наими менен Кызыл Жарым Ай коомунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн диерктору Рустам Алеевдин жолугушуусунда келишишкен.

Кайрымдуулук кампаниясынын алкагында 12 миң АКШ долларына 300 мектеп окуучусуна окуу куралдары алынган.деген

Пикир

Оставить комментарий