• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Катар элчилиги жана Кызыл жарым ай жетим балдарга мектепке даярданууга көмөктөштү

Коом 0

БИШКЕК, 17.08.17 /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте социалдык алсыз катмардагы жана жетим 300 балага окуу куралдарын сатып алууга материалдык жардам көрсөтүлдү.

Кайрымдуулук акциясы Улуттук кызыл жарым ай коому жана КРдагы Катар элчилиги тарабынан демилгеленген. Акциянын жалпы фонду 12 миң долларды түзүп, ар бир катышуучуга конвертте 40 доллардан тапшырылды.

Акча каражаттарын тапшыруу салтанаты бүгүн Бишкектеги Улуттук көркөм сүрөт музейинде өттү. Балдарга конверттерди Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохамед Бин Арар Аль-Наими жана өлкөдөгү Кызыл жарым айдын башкы директору Рустам Алиев тапшырышты.

“Биздин демилгени Катардын Кыргызстандагы элчилиги колдоп, 12 миң доллар, сомго которгондо 850 миң бөлүп берди. Биз ар кандай категориядагы – кургак учук менен ооруган, ВИЧ-позитивдүү, жетим балдарды тандадык. Бүгүнкү акцияда Бишкетин жана анын чет жакасындагы жашоочулар катышууда, бирок алдыда аймактардын балдарын камтууну пландап жатабыз”, - деди Алиев.

Катар элчиси мындан ары да кайрымдуулук акцияларын колдоо ниетин билдирип, балдарга ийгилик, кең келечек каалады.

Ата-энелер жана балдардын асыроочулары көрсөтүлгөн жардамга ыраазычылык билдиришти.

“Менин балдарым – жетимдер. Мен алардын чоң атасымын. Жашым 76да. Үч кызды тарбиялап жатам. Үчөө тең мектепте окушат. Аларды камсыздоо абдан оор, бирок бардыгын ошолор үчүн жасайбыз. Мындай жардам көрсөтүп жаткандары абдан кубанычтуу”, - деп ой бөлүштү пенсионер Эсенгул Ажыкулов.

Пикир

Оставить комментарий