• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Катар фонду 50 кыргызстандыкка угуучу жабдуу белек кылды

Коом 0

Бишкек, 28-июль /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Катардын кайрымдуулук фонду Кыргызстандын 50 жаранына санариптик угуучу жабдуу белек кылды. Аларды 2ден 4 даражага чейин угуусу начар жарандарга тапшырышты.

Угуусу начар жана мындай жабдууну алууга мүмкүндүгү жок 50 адам республиканын бардык облустарынан 2 ай бою тандалган.

Бул аппараттар 150 доллардан жогору турары, ал эми колдонуу мөөнөтү 2-4 жыл экени айтылууда. Жабдуулар анын жарым жылдык ишин камсыздаган кошумча комплект аккумуляторлору менен тапшырылды.

Салтанатка Катардын КРдагы элчиси Мохамед Бин Арар Аль-Наими жана Социалдык өнүгүү жана Саламаттык сактоо министрликтеринин өкүлдөрү катышышты.

Пикир

Оставить комментарий