• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Катар кайрымдуулук фонду Зита менен Гитанын үй-бүлөсүнө жардам көрсөттү

Коом 0

Бишкек, 25.09.17. /Тумара Туратбекова - Кабар/. “Qatar Charity” Катар кайрымдуулук уюму сиам эгиздери Зита менен Гитанын ата-энеси Зумрият жана Рашидге жардам көрсөтүштү.

Уюм Зумрияттын жардам тууралуу суроосуна жооп берди. Үй-бүлөнүн окуясы менен таанышып чыккан катарлыктар аларга тигүүчү машина, музоолуу саан уй белекке беришти.

“Мен биздин кыйынчылыктар, Гитанын даряланууга акча издеп убаралануусу тууралуу айтып бердим. Уккан соң, бизге тигүүчү машина жана саан уй алып келип беришти. Шейшеп тиксек да, акча болуп турат”, - деди Зумрият.

Катар кайрымдуулук уюмунун өлкөлүк директору Халид Вакиль билдиргендей, уюм кайрымдуулук менен алектенген себеби, бул ар бир мусулмандын милдети. Мындан тышкары, бул долбоорду Катардын жарандары өздөрү каржылашат. Сиам эгиздеринин окуясын угуп, каражат бөлүгү даяр эки адам үн кошкон.

“Катар кайрымдуулук уюуму “рахмат” деген сөз үчүн эмес, мусулмандын милдети болгондуктан ишмердигин жүргүзөт. Мен Зумрияттын үй-бүлөсүнө жардам бердим, анткени Гита менен бир тууганым. Катардан алган жардам карапайым катарлыктардан келет. Тигүүчү машинаны – бирөө, музоолуу саан уйду экинчиси сатып берди”, - -деди Вакиль.

“Qatar Charity” Кыргызстанда ишмердигин 2003-жылы өнөктөштөрү аркылуу баштаган. 2007-жылдан тарта жетим балдарга жардам берүү долбоорун ишке киргизген.

“Ушул мезгилде уюм жергиликтүү уюмдар аркылуу долбоорлорун ишке ашырып келди. Быйыл майда Бишкекте кеңсебизди ачып, Юстиция министрлигинен каттоодон өттүк. Компания Кыргызстанда бейөкмөт уюм катары иштейт”, - деп кошумчалады Вакиль.

Катардын Кыргызстандагы элчиси Мохамад Бин Арар Аль-Наими буга чейин билдиргендей, уюмдун милдети – кайрымдуулук иштерин гана жүргүзүү эмес, экономикалык долбоорлорду да жүзөгө ашыруу.

Зита жана Гита Кыргызстандык сиам эгиздери. Москвада операция аркылуу ийгиликтүү ажыратылган. Зита 14 жашында оорудан каза болгон. Гита учурда 25те, ал Ошто окуйт.

Пикир

Оставить комментарий