• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катар Кыргызстанга 420 кычкылтек концентраторун берди

COVID - 19 0

Бишкек, 03.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-августта “Манас” эл аралык аба майданына Катар өлкөсүнөн жөнөтүлгөн гуманитардык жардам түшүрүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Катар мамлекети КР Саламаттык сактоо министрлигине 420 даана кычкылтек концентраторун кайтарымсыз жардам катары берди. Аманаттын жалпы наркы 250 000 долларды түзөт.

Катар өлкөсүнөн келген медициналык жабдууларды КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев башында турган делегация кабыл алды.

“Бизге берилген медициналык жабдуулар миңдеген кыргызстандыктардын өмүрүн сактап калууга жардам берет. Анткени кычкылтек - коронавирус инфекциясына кабылган бейтаптарга керектүү химиялык элемент болуп эсептелет. Биз гуманитардык жардам көрсөткөн Катар мамлекетине ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, - деди КР саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Жангазиев.

Ал кабыл алынган жабдуулар кычкылтек концентраторлору керек болуп жаткан медициналык мекемелерге таратылаарын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий