• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Катар мамлекети Доха-Ош-Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар

Коом 0

Бишкек, 20.09.18. /Кабар/. Жогорку Кеӊеште «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Катар Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы аба каттамдары жөнүндө Макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Баяндамачынын айтымында, бул макулдашууну ратификациялоо аркылуу Кыргызстан менен Катардын ортосундагы эки тараптуу саясий, экономикалык жана маданий кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана эки мамлекеттин ортосунда түз аба катнашына мүмкүндүк берилет.

Талкуу жүрүшүндө бир катар арап өлкөлөрү, анын ичинде Катар мамлекетинин Доха – Ош – Бишкек аба каттамын ачууга кызыкдар болуп жатканы белгилүү болду.

Депутат Алмазбек Акматов Кыргызстандын “Эйр Кыргызстан” аттуу жалгыз мамлекеттик авиакомпаниясынын ачылуу таржымалын жакшы билерин, ал кезинде 100 млн сом карыз акча менен ачылганын, ал азыр дагы банкрот абалында турганын эске салды. Ал эми депутат Таабалды Тиллаев самолету бар компаниялардын баары киреше таап жаткан кезде мамлекеттик компаниянын банкроттон чыгалбай отурушу өтө таӊгалыштуу экенин белгиледи.

“Эйр Кыргызстан” авиакомпаниянын жетекчиси Жолдошбек Бектурганов авиакомпания 10 жылдан бери карызынан кутула албай келатканын, ошого карабастан 2 учак сатып алынып, пайда табуу максатында анын бири башка авиакомпанияга ижарага берилгенин, дагы жаӊы бир нече жаӊы учак сатып алууга ниети бар экенин билдирди.

Андан тышкары, депутаттар ушу тапта өлкөнүн жарандык авиациясынын абалы өтө начар экенин белгилөө менен бирге, Өкмөт өкүлдөрүнүн көӊүлүн Кыргызстанды ИКАОнун “кара тизмесинен” чыгаруу, ички аба каттамдарынын тарифин төмөндөтүү сындуу бир катар көйгөйлүү маселелерге бурду. Алардын пикиринде, баарындан мурда ички аба каттамдарды жандандырууга өзгөчө көӊүл бөлүп, аймактардагы аэробекеттерди реконструкциялоо зарыл.

Ал эми депутат Максат Сабиров азыркы учурда “эл аралык” макамы бар аймактык аэробекеттер мал жайытына айланып, шаардын ортосунда калганын айтып, ага Каракол шаарынын аэробекетин мисал тартты.

Транспорт жана жол министрлигинин өкүлү азыр сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын, Кыргызстандын келерки жылдын жазында ИКАОнун “кара тизмесинен” чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин билдирди.

Белгилей кетсек, өткөн жылы Кыргызстанда учак аркылуу 3 млн жүргүнчү тейленген, анын 1 млн.дон ашууну ички каттамдагы жүргүнчүлөр болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий