• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Катар мамлекети Кыргызстанда жаңы окуу жылына 9 мектеп, 2 бала бакча жана 2 IT лицей куруп жатат

Билим 0

Бишкек, 20.03.20. /Кабар/. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Катардын Кыргызстандагы элчиси Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти менен жолугушту. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти.

Жолугушууда Абдулла бин Ахмед Аль-Сулайти Катар элчилиги тарабынан 2020-жылдын август айына чейин курулушу бүтүп, Билим берүү жана илим министрлигине өткөрүлүп бериле турган объекттер тууралуу маалымат берген.

Учурда Катар элчилиги тарабынан Кыргызстанда 9 мектеп, 2 бала бакча жана 2 IT лицей курулуп жатат. 2020-жылдан акырына чейин дагы 4 мектепти куруу маселеси каралууда.

Министр Кырызстандын билим берүү системасынын инфраструктурасын колдоп жаткандыгы үчүн Катар мамлекетине ыраазычылыгын билдирип, бул жаатта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин белгилеген.

Мындан сырткары элчи Катар мамлекети Кыргызстандын жарандары үчүн медицина, IT тармагы боюнча жогорку окуу жайлардан бюджеттик орундарды бөлүп берүүнү карап жатканын билдирген.

Тараптар жолугушуунун жүрүшүндөгү макулдашуулар боюнча жакын арада керектүү документтерди даярдоону макулдашкан.

Пикир

Оставить комментарий