• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Катар мамлекетинде Бишкек-Доха аба каттамы тууралуу талкуу болду

Коом 0

Бишкек, 29.12.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Катар Мамлекетиндеги Атайын жана Толук Ыйгарымдуу Элчиси Нуран Ниязалиев Катардын жарандык авиация боюнча агенттигинин Тѳрагасы Абдулла Нассер Турки Аль-Субаей мырза менен Доха шаарында атайы жолугуп, талкуу жүргүздү.

Жолугушууда Кыргыз Республикасы менен Катар Мамлекетинин ортосундагы кызматташууну бекемдѳѳгѳ багытталган иш-аракеттер талкууланды. Тараптар эки ѳлкѳнүн жарандык авиация агенттиктери ортосунда 2015-жылы кол коюлган өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумду ишке ашыруу чоң мааниге ээ экендигин баса белгилеп, жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу тармагында кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий